Кыргызстанда жол чийиндери үчүн термопласт өндүргөн алгачкы ишкана ачылды

26.09.2025 | 13:50

Кыргыз Республикасында биринчи жолу жол чийиндеринде колдонулуучу термопласт өндүргөн завод ишке кирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлагандай, министрликке караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси «Вокко» ЖЧКсы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында келишим түзгөн.

Учурда завод толук кандуу жабдылып, керектүү минералдык материалдарды (доломит ташы) майдалоочу 2 тегирмен, заманбап өндүрүш линиялары жана сапатына жооп берген лаборатория менен камсыздалган.

Завод толук ишке кириши менен ички рынокту камсыздап, келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да карайт. Буга чейин термопласт толугу менен импортко көз каранды болсо, эми өлкөдө өндүрүлүп, логистикалык чыгымдар кыскарып, жол чийиндеринин сапаты жогорулайт.

Аталган заводдон чыккан термопласт жогорку сапатка ээ болуп, 1 жылдык кепилдик жана 3 жылдык эксплуатациялык мөөнөт менен колдонулат.

Scroll to Top