БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстандагы касапканаларга көзөмөл күчөтүлдү
12.12.2023 | 20:06
Бардык район жана шаарларда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ветеринардык кызмат райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте мал базар, мал союучу жана эт сатуучу жайларга, мал ташыган жана эт ташуу менен алектенген автоунаалардын ветеринардык коштомо документтерин текшерди.
Райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери менен бирге 99 пост уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталды:
– Ветеринардык коштомо документтери жок – 1348 мал;
– Биркасы жок 741 ийри мүйүздүү мал;
– Чипи жок 418 жылкы;
– 57 мал союлуучу жайдын коштомо документтери жок экендиги аныкталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар