Жапаров кытайлык инвесторлор менен ГЭС курууну талкуулады

Жапаров кытайлык инвесторлор менен ГЭС курууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Улуттук электр инженердик компаниясынын (CNEEC) жогорку жетекчилиги, анын ичинде Директорлор кеңешинин төрагасы У Гуйшэн менен жолукту.

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ГЭС куруу жаатында кызматташуунун келечеги жана аллыдагы долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо талкууланды. Тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууга даяр экендиктерин белгилешти.

Талкуунун негизги темасы республика үчүн таза энергиянын маанилүү булагы боло ала турган ГЭСти куруу маселеси болду. Тараптар бул долбоорго эки тараптын тең кызыкчылыгын билдиришти, анткени ал экономикалык жактан пайдалуу ишкана гана болбостон, аймактагы экологиялык таза энергия булагын өнүктүрүүгө салымын кошот.

Директорлор кеңешинин төрагасы У Гуйшэн CNEEC Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган ГЭСтин курулушуна олуттуу инвестиция салууга даяр экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга жана таза энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди толук колдоорун билдирди. Эки тарап тең климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

У Гуйшэн CNEEC экологиялык туруктуулук маселелерин артыкчылыктуу деп эсептей турганын жана Кыргызстанда долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн таза энергетика тармагындагы алдыңкы технологияларды жана тажрыйбаны бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>