Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө Орусия көмөк көрсөтөт

Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө Орусия көмөк көрсөтөт

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай кечээ, 12-ноябрда өкмөт үйүндө коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча маалымат жыйын өткөн. Анда вице-премьер — министр Максат Мамытканов жана Орус Мамлекеттик думасынын депутаты, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү Олег Колесников аталган багытта биргелешип иш алып баруу тууралуу маалымат беришкен. 

Анын жүрүшүндө Олег Колесников Орусия Кыргызстанга коррупцияга каршы күрөшүү иштеринде жардам берерин билдирген.

Ошондой эле бул багыттагы макулдашылган иштин жыйынтыгы, анын катарында өкмөт аралык деңгээлиндеги жыйынтыктар жакынкы мезгилде натыйжаларды берерин айткан.

Өз кезегинде Мамытканов Колесниковго Кыргызстанга болгон сапары үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары жемиштүү кызматташабыз деген ишенимин билдирген.

Мындан сырткары Колесников укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жаткандыгын айтып, ага Мамытканов көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.   

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>