Моюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган
Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу Меккеге барды
27.06.2022 | 09:52
Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу Меккеге барды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ажыларды уюштуруу штабынын кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырышты.
«Медина шаарынан Мекке шаарына чейинки аралыкта ажыларга ыйык Харам мечитине кирүү шарттары жана умра кылуунун тартиби түшүндүрүлдү. Муну менен катар Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү графиктерди сактоону түшүндүрдүк», – деди ажы башчы Абдулла Акпарали уулу.
Мекке шаарына жалпы 2766 кыргызстандык жаран ажылык амалын аткаруу үчүн барышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом