Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпиону болду
30.03.2025 | 10:04
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Эркин күрөш боюнча балбандар 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу тажикстандык атаандашы Виктор Рассадинди жеңди.
Беттештин жыйынтыгында эсеп 4:4 болду, бирок акыркы аракетти Эрназар жасагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды.
Ушул күндөрү Амманда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар