Кыргызстандык белгилүү мушкер Кямран Аббасов орус жарандыгын алат

Кыргызстандык белгилүү мушкер Кямран Аббасов орус жарандыгын алат

Кыргызстандык белгилүү мушкер Кямран Аббасов орус жарандыгын алат. Бул тууралуу мушкер менен иштешип, анын кызыкчылыгын коргоп жүргөн  “Prime Fight Management” компаниясына таянуу менен бир нече орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кямран Аббасов алты жылдан бери Орусиянын Новороссийск шаарында үй-бүлөсү менен жашап келген. Жакында эле орус жарандыгын алуу үчүн  тийиштүү документтерди тапшырган жана жакынкы арада Орусиянын атынан мелдештерге чыга баштайт. 

Кямран Аббасов  1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Улуту түрк, бала кезинен спорт менен машыгып, эрежесиз эр уруш боюнча,  эл аралык деңгээлде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп Кыргызстандын желегин желбиретип келген.

Эрежесиз эр уруш боюнча Азиядагы беделдүү уюмдардын бири «ONE Fighting Championship’тин» алкагында 2019-жылы чемпион болгон. Быйыл 6-ноябрда биринчи жолу чемпиондук макамын коргогону турат. Анда анын атаандашы америкалык мушкер Жеймс Накашими менен беттеш өткөрөт. Ал Сингапурда «One Matrix II» турниринин алкагында өтүп, эки мушкердин беттеши бул турнирде негизги беттеш экени кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>