Кыргызстандык эки жөө күлүк Олимпиадага жолдомо алышты

12.05.2024 | 19:30

Кыргызстандык эки жөө күлүк Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия алышты. Бул маалыматты Жеңил атлетика федерациясы тастыктады.

12-майда World Athletics Париж оюндарында марафонго катыша турган спортчулардын акыркы тизмесин жарыялады. Олимпиадалык стандарт эркектер үчүн 2 саат 8 мүнөт 10 секунд, аялдар үчүн 2 саат 26 мүнөт 50 секунд болду.

Кыргызстандын курама командасынын жөө күлүктөрү бул стандартты аткара албай, Universality Places системасы боюнча квота алышкан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынан эки спортчу – Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова олимпиадалык квота алышты.

Тяпкин Олимпиада оюндарына экинчи жолу катышат, буга чейин Риодо өткөн марафонго катышкан. Трофимова 2022-жылы Кыргызстандын атынан катышууга укук алган. Ал Олимпиадага алгачкы ирет катышат.

[image_carousel source=”media: 209362,209364″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top