Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Нарында төрт жашар кыз изделүүдө
12.05.2024 | 17:46
Нарын шаарында 4 жашар кыз изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Интернат аймагында Г.Э. аттуу аял киши эс алып жүрүп, 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алгандыгын айтып, ӨКМге кайрылган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын шаардык башкармалыгынан жана №16 ӨКБдан жалпы 30 куткаруучу 2 дрон менен тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө ишине чыгышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар