Кыргызстандык окумуштуулар Монголияда кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтарды чогултууда

20.08.2025 | 11:41

Кыргызстандык окумуштуулар азыркы тапта кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтарды изилдеп, чогултуу максатында Монголияга илимий экспедиция жасашууда. Маданият министрлиги экспедициянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, экспедиция Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев менен жолугушуудан башталган.

Андан кийин 15–17-август күндөрү экспедициянын катышуучулары Монголиянын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Тарых жана этнология институтунун, Археология институтунун, Тил жана адабият институтунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр цивилизациясын изилдөө институтунун жетекчилери жана окумуштуулары менен жолугушушкан. Жолугушууларда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, кыргыз илиминде буга чейин белгилүү болбогон жаңы маалыматтар алынган.

Ошондой эле Монголиянын Улуттук борбордук архивинен кыргыз тарыхына байланыштуу булактар табылып, айрымдарынын көчүрмөсү алынып, бул материалдарды биргеликте изилдөө тууралуу макулдашылган.

Андан ары изилдөөчүлөр «Чыңгыз хан» улуттук музейинин жетекчиси, академик Сампилдондов Чулуун менен жолугушкан. Ал кыргыз этноними менен байланыштуу жерлерде археологиялык казууларды жүргүзүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары экспедициянын мүчөлөрү Цонжин-Болдог өрөөнүндө тургузулган “Чыңгыз Хан” мемориалдык комплексине барышкан.

Андан кийин Улан-Батордо жүргүзүлгөн илимий-практикалык үч күндүк иштердин жыйынтыгы чыгарылып, изилдөөчүлөр Монголиянын Баян-Өлгий аймагына жол тартышкан. Учурда экспедиция уланууда.

Scroll to Top