Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштанды үчүн эки күндө 320 миң сом айып салынды
20.08.2025 | 11:44

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, эки күндүн ичинде көл жээгиндеги таштандыларга байланыштуу жалпы 320 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Ыкчам топтор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, экологиялык милиция жана экотехинспекция менен биргеликте 14 таштандыга толгон тилкенин үстүнөн рейд жүргүзүп, 63 протокол жана 49 акт түзгөн.
Өкүлчүлүк эс алуучуларды жана тургундарды көлдү сыйлоого чакырып, таштандыларды челекке таштап, таза абалды сактоого үндөдү.
Рубрики: Жаңылыктар