Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн адам Литвада кармалды
20.08.2025 | 11:38

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Литвада КР жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелген 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран кармалды.
Аталган жаран Кыргызстанда 2007-жылы Бишкекте унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүүгө айыпталып, ошондой эле Алматы шаарында адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Ю.Ю. жасалма документ колдонуп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде катталган.
Учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары кармалган жаранды экстрадициялоо маселесин карап жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар