Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан жеңиш менен кайтышты
14.05.2025 | 09:28
Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча III эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиададан 2 алтын, 5 күмүш жана2 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Олимпиада 7-13-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүлдү. Ага 9 өлкөдөн: Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан 205 окуучу катышты. Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргогон.
Информатика боюнча катышкан 4 окуучунун бардыгы медалга ээ болду: 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль.
Математика боюнча 4 окуучу медаль утуп алды: 1 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар