Кыргызстандык окуучулар химия боюнча 59-Менделеев атындагы эл аралык олимпиададан эки коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өткөн. Ага 40тан ашуун өлкөдөн келген жүздөгөн окуучулар катышкан.
Олимпиадага Кыргызстандан төмөнкү окуучулар барып катышкан: Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Асылбекова Адия, Исаева Наима, Тешебаев Жасурбек. Аларды Исламбеков Азамат расмий түрдө коштоп барган.
Олимпиаданын жыйынтыгында Кахраманов Максатбек менен Жапаров Эржан коло медаль жеңип алышкан.