Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте ат спорту боюнча Дүйнө Кубогу өтөт
15.05.2025 | 12:04
Бишкекте 16-18-май күндөрү Бишкек шаарында ат спортунун секирүү түрү (CSI-W) боюнча Дүйнө Кубогунун этаптык мелдеши өтөт. Бул тууралуу konkur_pro Instagram баракчасы аркылуу маалымдалды.
Мелдеш Эл аралык ат оюндары федерациясынын (FEI) алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы чабандестери катышары күтүлүүдө.
Бул турнирде спортчулар рейтингдик упайларды топтоп, ошондой эле FEI дүйнөлүк ат оюндарына катышуу үчүн квалификациялык нормаларды аткарууга мүмкүнчүлүк алышат.
Иш-чаранын программасында мелдештер менен катар кийим дизайны боюнча таймаштар, көңүл ачуучу элементтер да каралып, көрүүчүлөр үчүн кызыктуу шарттар түзүлөт. Кирүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар