ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кыргызстандык спортчу кудо боюнча дүйнө чемпиону болду
15.05.2023 | 12:41
Кыргызстандык спортчу Ринат Урматбек уулу кудо боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу kudo.kg мушташ өнөр мектеби Instagram’дагы баракчасында билдирди.
Белгилүү болгондой, мелдеш Япониянын Токио шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышкан. Алардын ичинен эки спортчу байге алган.
Ринат Урматбек уулу (U19) 70 кг салмакта чемпион болсо, Нурсултан Батырбеков коло байгеге татыган.
Кудо – заманбап мушташ өнөрлөрүнүн бири. Ал 1981-жылы чыгыш мушташ өнөрүнүн чебери Адзума Такаси тарабынан негизделген. Кудо – карате (кёкусинкай), дзюдо жана тай боксунун ыкмаларын айкалыштырган спорт түрү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом