Дүйнө чемпионатында коло уткан боксчу Сейитбек уулу канча акчалай сыйлык алды?

Дүйнө чемпионатында коло уткан боксчу Сейитбек уулу канча акчалай сыйлык алды?

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Бул медаль кыргызстандык спортчулар бокс боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында уткан Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы байге болуп калды.

Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль утканы үчүн ага 50 мин доллардын сертификаты тапшырылды. Ал эми, биринчи орун алгандарга 200 миң доллар, экинчи орун үчүн 100 миң доллар акчалый сыйлык берилди. Аталган мелдештин байге фонду 5,2 млн долларды түзгөн.

Эскерте кетсек, кыргыз спортчусу 57 кг салмакта күч сынашып, таймашты 1-майда 1/32 финалдык баскычтан баштаган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Сейитбек уулу 12-майда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилген. Натыйжада ал 3-орундун ээси болгон.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>