Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Бишкекте велосипед уурдаган шектүү кармалды
15.05.2023 | 12:24
Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-майда милицияга Н.Д. аттуу жаран кайрылып, 27-апрелде К. Тимирязев менен М.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам баасы 20 миң сомдук TRINX үлгүсүндөгү велосипедин уурдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн башка ушул сыкятуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0779 043 407 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз