Кыргызстанда орточо айлык 36,5 миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 36,5 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 36,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,4%га өскөн.

«Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагында катталган», — деди Кудайбергенов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>