Баш катырма – акылды өлчөгөн ашык (сүрөт)

Баш катырма – акылды өлчөгөн ашык (сүрөт)

Ар бир элдин өзүнүн каада-салты, үрп-адаты бар. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» демекчи эл менен бирге каада-салт, үрп-адат да заманга жараша өзгөрүп, жаңыланып турат. Алардын бири унутулса, бири али күнгө чейин эл менен бирге жашап келет, башкасы бир элден башка элге оошуп-өтүп турат. Анын сыңары, кыргыздарда да көп каада-салт унутулду, бир тобу замандын талабына ылайык өзгөрдү. Муну сөз кылып жатканыбыздын себеби, сиздерге тажикстандык кыргыздардагы бир салт тууралуу айтып берели дедик.

Ашык жана салт

Салт тууралуу сөздү баштардан мурда, анда колдонулган ашык жөнүндө айтып өтөлү. Ашык деп, өзүңүздөр билгендей, биз чүкөнү айтып коебуз. Бул салт үчүн чүкө үч жеринен – айкүр тарабынын ортосунан жана эки четинен оюлуп даярдалат. Андан кийин ортоңку оюктан жип түйүн болуп өткөрүлөт да, жипке эки мончок кийгизилип, анын учтары эки четки оюкка байланат.

Бул салт жаңы күйөө баланы сыноо үчүн колдонулат. Салтка ылайык, жигит кызды үйүнөн алып кетүүгө келгенде, кыз тарап босогонун үстүнө ашыкты илип коет. Шарт боюнча күйөө бала жиптин учун чечпестен, мончоктун бирин чүкөнүн ортосунда байланган жеринен бир жагынан экинчи жагына өткөрүшү керек. Бала мончокту өткөрө алса, кызды эч тоскоолдуксуз алып кете алат. Болбосо, айыпка жыгылат. Айыпка акча же мал берет. Андан кийин гана кызды алып кете алат. Бул салт менен кыз тарап күйөө баласынын тапкычтыгын текшерет, сынайт.

Башында айтылгандай бул тажикстандык кыргыздарда колдонулган салт. Ошол эле учурда ал тууралуу бир нече тарыхчы, этнографтан сурап, ашыктын өзүн да көрсөткөнүбүздө салт жөнүндө билбей турганын айтышкан.

«Куну беш жылкылык таякча»

Ашык сыяктуу баш катырма башка элдерде, анын ичинде ханты-мансы элдеринде бар. Аларда чүкөнүн ордуна таяк колдонулуп, таяк ашык сыяктуу үч жеринен оюлуп жасалат.

Аларда бул баш катырмага байланыштуу бир ылакап кеп айтылып калган. Эски жылдары бай соодагер жолдо жүрүп, бир айылда жергиликтүү тургундун үйүндө жатып калат. Соодагер жанагы баш катырманы көрүп калып, аны чечүүгө аракет кылат. Бирок беш күн бою жандырмакты табууга тырышканы менен аракетинен майнап чыкпайт. Баш катырманын жандырмагын билүү үчүн соодагер үй ээсине 5 жылкы берет. Ошондон тарта бул баш катырманы эл арасында «Куну беш жылкылык таякча» деп атап калышкан.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>