Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстандыкты 1,8 млн долларга алдап кеткен чет элдик кармалды
18.08.2023 | 15:11
Кыргызстандын жаранын 1,8 млн долларга алдап кеткен чет элдик кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган жаран (К.Ш.Р.) трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адам Кыргызстандын жаранынын (Б.Д.К.) ишенимине кирип, сатып алам деген шылтоо менен 1,8 млн долларлык криптовалютасына ээлик кылып алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңы