Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажырады

Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажырады

Жогорку соттун чечими менен парламенттин депутаты Өмүрбек Бакиров мандаттан ажырады.

Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришкендей, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциянын депутат Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимдерин күчүндө калтырган. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган округда шайлоо өткөнү жана Бакировду депутат катары таануу тууралуу чечимдери жокко чыгарылган.

БШКдан Reporter.kg’ге билдиришкендей, Жогорку сот шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин аталган округда кайра шайлоо белгиленет.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Көп өтпөй анын 2021-жылдагы шайлоодогу атаандашы Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек административдик сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Рыспаев 2021-жылдагы шайлоодон кийин Бакировду добуш сатып алууга айыптаган.

Өмүрбек Бакиров бул аракеттерди кысым катары баалаган.

Бишкек административдик соту менен Бишкек шаардык соту №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Депутат Бакиров мандатынан ажырашы мүмкүн. Соттун чечими

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>