Кыргызстандын аймагында тажик чек арачылары ээн-эркин жүрөбү? Расмий жооп

Кыргызстандын аймагында тажик чек арачылары ээн-эркин жүрөбү? Расмий жооп

Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылына жакын жердеги Кыргызстандын аймагында Тажикстандын чек арачылары кеңири басып жүрүшөт делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мемлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, коңшу өлкөнүн чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн болбой калган жолугушуусунан кайтып келе жатышкан.

“12-апрелде саат 15.10гө эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн  COVID-19 вирусун тарап кетпөөсүн алдын-алуу маселелерин кароо пландаштырылган болчу. Бирок жүйөлүү себептер менен ал жолугушуу 14-апрель саат 15.00 ошол эле жерде боло турган болгон. Тажикистандын чек ара өкүлчүлүк аппаратын алдыда келе жаткан Тажистандын Ганчи-Дж.Расул участкасы боюнча чек ара өкүлү өзү баштап келе жаткан. Ошол эле учурда тажик аскер кызматкерлери куралсыз жүрүшкөн. Тажик чек ара өкүлчүлүк аппаратынын жүрүү багыты кыргыз тарап менен алдын-ала макулдашылган”, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагында кеңири басып жүрүшөт деген аталыш менен видео тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>