Кыргызстандын альтернативдик энергия булактарын ишке киргизүүсү зарыл

10.04.2024 | 12:10

Кыргызстандын альтернативдик энергия булактарын ишке киргизүүсү зарыл. Бул өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун камсыздоого жардам берет. Бул тууралуу Европалык Regulus компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматта 2023-жылы электр энергиясына болгон суроо-талаптын кеминде 16%га өсөрү белгиленет.

“БУУнун прогнозу боюнча 2025-жылга карата Кыргызстандын калкынын саны 8,7% өсөт. Электр энергиясын керектөө жылына орточо 3,58%га өсүп жатканын эске алганда, 2023-жылы электр энергиясына болгон суроо-талаптын кеминде 16%га, ал эми өндүрүштүн суроо талабы менен 20%га чейин өсүүсү күтүлөт Ошондуктан, электр энергиясынын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат”, – деп айтылат.

Республикада энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы абдан чоң экени кабарланат.

“Күн энергиясы, чакан ГЭСтер, биомасса – бул ресурстардын ар бири өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын олуттуу түрдө жогорулата алат жана гидроэнергетика келген жүктү азайтат. Кыргызстан шамал энергиясынан жылына 50млн кВт/саат чейин, кундон 500 млн кВт/саат чейин, чакан ГЭСтерден 5-8 млрд кВт/саат чейин, биомассадан 1,3 млрд кВт/саат чейин энергия ала алат”, – дейт компания.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top