Кыргызстандын альтернативдик энергия булактарын ишке киргизүүсү зарыл

Кыргызстандын альтернативдик энергия булактарын ишке киргизүүсү зарыл

Кыргызстандын альтернативдик энергия булактарын ишке киргизүүсү зарыл. Бул өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун камсыздоого жардам берет. Бул тууралуу Европалык Regulus компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматта 2023-жылы электр энергиясына болгон суроо-талаптын кеминде 16%га өсөрү белгиленет.

«БУУнун прогнозу боюнча 2025-жылга карата Кыргызстандын калкынын саны 8,7% өсөт. Электр энергиясын керектөө жылына орточо 3,58%га өсүп жатканын эске алганда, 2023-жылы электр энергиясына болгон суроо-талаптын кеминде 16%га, ал эми өндүрүштүн суроо талабы менен 20%га чейин өсүүсү күтүлөт Ошондуктан, электр энергиясынын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат», — деп айтылат.

Республикада энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы абдан чоң экени кабарланат.

«Күн энергиясы, чакан ГЭСтер, биомасса – бул ресурстардын ар бири өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын олуттуу түрдө жогорулата алат жана гидроэнергетика келген жүктү азайтат. Кыргызстан шамал энергиясынан жылына 50млн кВт/саат чейин, кундон 500 млн кВт/саат чейин, чакан ГЭСтерден 5-8 млрд кВт/саат чейин, биомассадан 1,3 млрд кВт/саат чейин энергия ала алат», — дейт компания.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>