Кыргызстандын ЕБдин «кара тизмесинен» чыгуусу 2026-жылы чечилери күтүлүүдө

09.10.2025 | 16:16

Кыргызстанды Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу маселеси боюнча акыркы чечим 2026-жылдын ортосунда өтө турган Европа өлкөлөрүнүн ири жыйынында кабыл алынат. Бул тууралуу «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын башкы директору Жолдошбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, «кара тизмеден» чыккандан кийин учактар Кыргызстандан түз эле Европа өлкөлөрүнө учуп бара алат.

Жолдошбек Айдаралиев мындан тышкары өлкөдө жарандык авиация тармагында жасала турган иштер тууралуу маалымат берди. Ал ноябрь айынан баштап айрым ички каттамдарды көбөйтүү пландалып жатканын айтты.

“Бишкек – Алматы – Бишкек, Ош – Алматы – Ош багыттарында каттамдарды ачууга жана айрым ири шаарлардан Ташкентке каттамдарды уюштурууга даярдануудабыз. Кышында Алматыдан Караколго мезгилдик каттам ачабыз», – деп билдирди ал.

Scroll to Top