Кыргызстандын Каржы министрлиги жана Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча кадамдарды белгилешти
Каржы министри Руслан Сүйналиев Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Хью Риделл менен жолугушуу өткөрдү. Тараптардын көңүл борборунда түзүмдүк реформаларды илгерилетүүгө жана стратегиялык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга багытталган эки тараптуу кызматташтыктын келечеги турду.
«Камбар-Ата-1 ГЭСин» курууга жана аймактык энергорынокту өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалды. Жолугушуунун күн тартибине жаңылануучу энергия булактарына инвестицияларды тартуу жана республиканын агробизнесине жеке сектордун катышуусун кеңейтүү маселелери да кирди.
Сүйналиев экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык институт менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар пландалган мамлекеттик программалардын алкагында мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин ырасташты.