Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы 4 мамлекеттик дарыкана ачылды
Бүгүн, 1-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарында жана Ош облусунда төрт мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Аталган министрликтен билдиришкендей, Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыкана ачылды.
«Дарыканаларда өтө маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алышат. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда», – деп айтылат маалыматта.
Министрлик келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.
[image_carousel source=”media: 200546,200547″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз