Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы 4 мамлекеттик дарыкана ачылды

Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы 4 мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 1-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарында жана Ош облусунда төрт мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыкана ачылды.

«Дарыканаларда өтө маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алышат. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>