Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Аутизм, Даун синдрому бар балдардын көйгөйүн депутаттык комиссия иликтейт
01.11.2023 | 20:04
Бүгүн, 1-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Демилгечи — Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы.
Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Таалайбек кызы Жылдыз, Винера Раимбачаева, Айбек Алтынбеков, Эмил Жамгырчиев, Айгүл Айдарова, Дастан Бекешев, Максатбек Сарбагышев, Мейкинбек Абдалиев, Жылдыз Садырбаевалар кирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар