Садыр Жапаров Астанага барат

Садыр Жапаров Астанага барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Саммиттин темасы «TURKTIME» (Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms-реформалар, Knowledge-билим, Trust-ишеним, Investments-инвестициялар жана Mutual Energy-өз ара энергия) болот.

Өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты жана мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды «ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү» деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат», – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>