Сокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот
Кыргызстанга документи жок алтын алып кирүүгө аракет кылышкан
01.12.2025 | 15:53
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргызстанга алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Мыйзамсыз жүк Ош шаарынын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринин багажын текшерүү маалында аныкталган.
Мекеменин маалыматында, чемодандан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн зарыл коштоочу документтери жок алып келинген билериктер, чынжырлар жана сөйкөлөр табылган. Зер буюмдардын жалпы наркы 13,9 миллион сомдон ашат.
Бул факт боюнча актылар түзүлүп, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


