1-майынан тарта Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын импорттого 6 айга тыюу салынды. Мындан чечим өлкөдө жумуртка өндүрүмүнүн жогору болуп жатканына байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Бул чектөө Кыргызстан аркылуу транзитке жана ЕАЭБдин бир субъектинен өлкө аймагы боюнча башка субъектиге которууга тиешелүү эмес.
Маалыматка ылайык, 10-февралдан ушул күнгө чейин республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес.
«Учурда өлкөдө жумуртка маселеси көбүн эсе ички рыноктогу ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам жана ички өндүрүмдүн жогорулап кеткендигине байланыштуу. Ошондон улам, министрлик дыйкан-фермерлерди көбүн эсе тоок жумурткасы эмес, тоок эти менен иш кылууну сунуштайт. Себеби, жылына өлкөгө 91 миң тоннадан ашуун тоок эти кирет жана жумурткага караганда тоок эти бир топ кирешелүү багыт. Андан сырткары, учурда элет жергесинде ар бир үй бүлөдө 30-40 тоок багып, бул дагы ички өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына, ал эми ага болгон суроо талаптын төмөндөшүнө алып келүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Аны менен бирге министрлик өлкө аймагына чет өлкөдөн импортко тыюу салганы менен өлкө ичинде бир аймактан экинчи аймакка товарлардын эркин жүгүрүүсүнө тыюу сала албай тургандыгын белгиледи.