Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Бишкекте Шабдан Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат
02.05.2025 | 14:27
Бүгүн, 2-майдан тарта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Мындан улам жолдун түштүк тарабында унаа кыймылы эки багытта уюштурулат.
Бишкек мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом