4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Кышкы ЖРТга каттоо жүрүүдө
18.10.2024 | 18:09
Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Каттоо 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар абитуриенттер гана катыша алышат.
Кышында окууга тапшыргандар контракттык негизде гана окуй алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом