Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун кайсы өлкө башкарары маалым болду

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун кайсы өлкө башкарары маалым болду

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун 311 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жолдун 95 пайызы жайыттардан өтүп, менчик жер тилкелерине жана үйлөргө тийбейт. Кыргызстандын аймагындагы жолдун 46 пайызында туннель курулат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин айтымында, курулуштун 1 чакырымы 15 миллион долларга бааланып, жалпысынан 4,7 миллиард доллар болот. Темир жол жүк гана эмес жүргүнчүлөрдү дагы ташыйт. Долбоордун 52 пайызын Кытай каржылайт,  Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан акча бөлүшөт. Анын коопсуздугун Кыргызстан тарап камсыздап, атайын аскердик кароол түзүлөт.

«Кыргызстан Кытайдын банктарынан насыя алат», — деди Азамат Сакиев.

Анын айтымында, темир жол боюнча үч тарап ортодо ишкана түзөт. Анын кеңсеси Бишкекте жайгашат.

«Инвестициялык келишим түзүлүп, анда жолду колдонуу, кимге таандык болору толук жазылат. Бирок Кытай жана Өзбекстан тарап дагы келечекте, 30 жылдан кийин Кыргызстандын карамагына берилерин түшүнүшөт», — деди Азамат Сакиев.

Бирок ал азырынча аны таксыктаган келишимге кол коюла электигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>