Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кербен, Таласка учак качан учары айтылды
18.06.2024 | 12:56
Кербен, Таласка “Манас” аэропортунун “Асман” авиакомпаниясынын учактары учат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында, “Асман” авиакомпаниясы 3 учак сатып алган. Алар күзүндө келет.
“Учактар эски болгондуктан аларга тийиштүү жабдуулар орнотулуп жатат. Күзүндө келгенде Кербенге жана Таласка аба каттам ачылат”, – деди ал.
Данияр Бостонов “Манас” аэропорту жакында туманда конууга мүмкүнчүлүк берген атайын жабдууну сатып алып жатканын кабарлады.
https://reporter.kg/talasta-zhanylangan-aeroport-achyldy-syrot/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом