Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Кытай Кыргызстанга Аксу – Бедел – Балыкчы темир жолун салууну сунуштады
14.03.2025 | 11:18
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Аксу аймагынын губернатору Адили Али баштаган делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, “Бедел” өткөрмө бекетинин инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкуулаган.
Адили Али Аксу – Бедел – Балыкчы темир жолун салуу демилгесин көтөргөн.
![]()
Эскерте кетсек, «Бедел» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан.
Буга чейин Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолун салуу пландалып жатканы кабарланган.
https://reporter.kg/ysyk-koldon-kytajga-ketken-zhol-salynyp-chek-ara-beketi-achylat/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом