Кытай Монголия бийлигине көмүр «чуусун» иликтөөгө жардам берет

Кытай Монголия бийлигине көмүр «чуусун» иликтөөгө жардам берет

Кытай Монголия өкмөтүнө Кытайга ташылып жаткан көмүрдүн уурдалганын иликтөөгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу шейшемби күнү кезектеги брифингде Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин билдиргенин бүгүн, 6-декабрда ТАСС жазып чыкты.

Агенттиктин журналистинин суроосуна жооп берип жатып, ал бул тууралуу азырынча эч нерсе билбей турганын айтты. Бирок Кытай коңшу мамлекет катары, эгер суранса, сөзсүз түрдө керектүү жардамды көрсөтөтөт деди ал.

«Биз Монголиянын өкмөтү кырдаалды жөнгө салуу үчүн түшүнүүгө жана тийиштүү чараларды көрө алат деп ишенебиз. Монгол тарап мындай өтүнүч менен кайрылса, Кытайдын компетенттүү ведомстволору ага мыйзам чегинде керектүү жардамды беришет», — деп жыйынтыктады дипломат.

Монголияда уурдалган көмүрдүн айынан нааразылык акциялары өтүүдө. Массалык нааразылык акцияларына Кытайга экспорттолгон көмүрдүн уурдалышы боюнча ачыкталган фактылар себеп болгон. Көмүр Монголиянын экспортунун жарымынан көбүн түзөт, Кытай эң негизги үлүшүн алат. Парламентте жарыяланган маалыматтарга караганда, 40 триллион монгол тугрикине барабар 6,5 миллион тонна көмүр уурдалган. Митингдин катышуучулары тыкыр иликтөөнү, коррупционерлердин аты-жөнүн коомчулукка жарыялоону жана уурулукка тиешеси барлардын баарын кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.

Монголия бийлиги өлкөгө өзгөчө абал киргизүүдөн баш тартты

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>