Кытай эски унааларды тышка сатуу саясатын күчөтүүдө

Кытай эски унааларды тышка сатуу саясатын күчөтүүдө

Кытай бийликтери дагы 14 аймакка, анын ичинде Ляонин, Фуцзянь жана Сычуань провинцияларына эски унааларды экспорттоого уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Синьхуа маалымат агенттиги Соода министрлигинин, Коомдук коопсуздук министрлигинин жана Бажы башкы башкармалыгынын биргелешкен билдирүүсүнө таянып билдирди.

Документке ылайык, мындай уруксаат алган аймактардын бийликтери жергиликтүү ишканалар үчүн эски унаалар рыногуна киргизүүнүн стандарттарын иштеп чыгып, тандоо жол-жоболорун жөнгө салып, эски автоунааларды эскпорттоого  мүмкүнчүлүгү бар компанияларга  бизнести жүргүзүүдө колдоо көрсөтүшү керек, чет өлкөлөрдө сатуу каналдары жана сатуудан кийинки кызматтарды көрсөтө алышат.

Билдирүүдө мамлекеттик органдар эски автоунааларды экспорттоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн сатуу операцияларын каттоо, лицензия алуу жана бажылык тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча көбүрөөк күч-аракеттерди жумшоосу зарыл экендиги белгиленет.

Кытай расмий түрдө 2019-жылдын май айында эски унааларды экспорттой баштаган. Пекин, Тяньцзинь, Шанхай жана Гуандун провинциялары эски автоунааларды экспорттоого биринчилерден болуп уруксат алган 10 административдик аймактын катарына кирди.

Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 10 айында Кытайда 13,3 миллион эски унаа сатылган.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>