Монголия: Көмүр уурдаган чиновник Казакстанга үйлөрдү курган

Монголия: Көмүр уурдаган чиновник Казакстанга үйлөрдү курган

Монголияда көмүр уурдоого шектелген адам Казакстанда бүтүндөй квартал кичи район курганын монгол басылмасы Sonin жазды.

“Массалык нааразылыктарды жараткан көмүр уурдоо фактылары орун алган ошол эле компания “Эрдэнэс Тавантолгой” ААКсынын каржы бөлүмүнүн башчысы Казакстанда бүтүндөй бир кварталды курууга жетишээрлик бай болгон”, — дейт Монголия парламентиндеги депутаттык топтун жетекчиси Одон Цогтгэрэл.

Басылма аны менен байланышы бар аткаминерлер түштүктө кармалып, жоопко тартылганын белгилейт. Бул ишке 30га жакын депутаттын катыштыгы бар.

Цогтгерел ошондой эле бул келишимди тымызын түзгөн экөө азыр да Улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү экенин айтты.

«Эл нааразы. Жаштар нааразы. Бийлик бул маселени кооздоп жатат. Митингде жаштар Кореяга барып иштегиси келбей, Монголияда жакшы жашагысы келгенин көп айтышты. Туура. Көмүр уурулукту көптөн бери айтып келебиз. Бийлик эмнеге көмүр уурдоо, келишимдерди, аты-жөнүн ачыкка чыгарбайт?», — деди ал.

Эске салсак, массалык нааразылык акцияларына Кытайга экспорттоого багытталган көмүрдүн уурдалышы боюнча ачыкталган фактылар себеп болгон. Көмүр Монголиянын экспортунун жарымынан көбүн түзөт, Кытай эң негизги үлүшүн алат. Парламентте жарыяланган маалыматтарга караганда, 40 триллион монгол тугрикине барабар 6,5 миллион тонна көмүр уурдалган.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>