«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбиз
Кытайда коронавируска шектелгендерди кармаган мейманкана урап, 10го жакын адам каза болду
09.03.2020 | 10:23
Кытайдын Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган мейманкана урап, андан 70тен ашык адам урандынын алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктын кесепетинен 10 киши көз жумган. Учурда дагы 10 кишинин дайыны чыкпай жатат. Мейманканда кырсык катталганга чейин 71 адам болсо, алардын 58и вирусту жуктурууга шектелип, карантинге алынган. Аталган мейманкана ушул жылдын башынан бери карантиндик борбор болгон.
Беш кабаттуу мейманкана 2018-жылы ачылып, 80 орунга ылайыкташкан.