Кытайга гранттык окуу үчүн сынактын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-2024-окуу жылында Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.
Каалоочулар student.edu.gov.kg онлайн системасындагы «2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу» бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.
Шарттар жөнүндө толугураак — edu.gov.kg
Биздин Телеграм каналга катталыңыз