Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Кытайга гранттык окуу үчүн сынак узартылды
14.12.2022 | 12:33
Кытайга гранттык окуу үчүн сынактын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-2024-окуу жылында Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.
Каалоочулар student.edu.gov.kg онлайн системасындагы “2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.
Шарттар жөнүндө толугураак – edu.gov.kg
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом