Кыз кулап түшкөн парктагы окуя боюнча расмий маалымат берилди

Кыз кулап түшкөн парктагы окуя боюнча расмий маалымат берилди

Техникалык көзөмөл министрлиги соцтармактарда видеосу тарап жаткан, 31-мартта Бишкек шаарынын Панфилов паркындагы аттракциондон кыз кулап түшкөн окуя боюнча маалымат берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуяга аттракциондогу эки коопсуздук курунун үзүлүп кетиши себеп болгон.

Окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясы, Октябрь району акимиатынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, аттракциондун ээсине 35 миң сом айып пул салынган.

1-апрель саат 13:00дөн тарта парктын бардык механикалык аттракциондорунун иши убактылуу токтотулду. Учурда бардык аттракциондордун техникалык абалы текшерилип жатат.

Министрлик жабыркаган кыздын абалы оор бойдон экендигин билдирди. Ага бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы айтылды.

Учурда бул факты боюнча милиция тарабынан тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>