Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
20.06.2022 | 08:41
Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген.
Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМ жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом