Бишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакыруудаКөчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамаларыЫсык-Көлдө «Ден-Соолук» борборунун жаңы корпусунун курулушу башталдыUFC чемпиону жана ДКОнун амбассадору Валентина Шевченко Бишкекке келди«Кытай КРдин бир жылдык энергиясын 13 саатта эле өндүрөт»: Минкаб КЭР менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн түшүндүрдү
Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
20.06.2022 | 08:41
Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген.
Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМ жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом