Лебединовкадагы мектептин окуучусун урган мугалим жумуштан кетти. Бул тууралуу ата-энелер билдирди.
Алардын айтымында, мугалим өз каалоосу менен арыз жазган. Жетекчилик анын арызын кабыл алды.
Билим берүү министрлигинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Эске салсак, соцтармактарда мугалим окуучуну сабак учурунда соккон видео тараган.