Кайрадан бак темасы: 5 метрлик карагайларды мыйзамсыз кыйып кетти

Кайрадан бак темасы: 5 метрлик карагайларды мыйзамсыз кыйып кетти

24-январь Ысык-Көл облусунун «Жети-Өгүз» курортунда жергиликтүү тургун, өз үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматты текшерүү учурунда, 51 жаштагы А.К.нын үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үйдүн ээси, кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок.

Ошол эле күнү, туристтик-экологиялык милициянын дагы бир тобунун кызматкерлери тарабынан, «Жети-Өгүз» токой-чарбасынын тилкесинен, Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Б. нын. башкаруусундагы «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда, автоунаанын ичинен уруксат кагаздары жок 7 даана тянь-шань карагайы табылган.

Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз райондук милицияга өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>