Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Сот Момбековду талапкер катары каттоого уруксаат бербеди
26.01.2022 | 10:01
Рыскелди Момбековдун Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары каттап бер деген өтүнүчүн Бишкек шаарынын административдик соту канааттандырган жок. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиянын расмий сайтына жарыяланды.
БШК 20-январдагы отурумунда Рыскелди Момбековду №27 Биринчи май шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга анын жогорку билими тууралуу алган диплому УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон.
Момбеков БШКнын бул чечимине макул болбой, ал чечимди жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат